Асел Кадырбекованын көзүнө операция жасалат

Ырчы Асел Кадырбекова көзүнө операция жасатат. Хирургиялык кийлигишүү Түркияда жасаларын ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Белгилүү болгондой, Асел Кадырбекова Түркияга медициналык кароодон өтүүгө барды. Текшерүүдөн өткөн ырчы бүгүн, 12-январда операция болорун белгиледи.

Белгилей кетсек, Асел Кадырбекова 2020-жылы жол кырсыгына кабылгандан тарта ден соолугун калыбына келтирип жүрөт.

Ырчы кабылган жол кырсыгынын чоо-жайы:

2020-жылы 26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry менен Honda Odyssey автоунаалары кагылышкан. Анын кесепетинен Toyota Camry унаасында рулда бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алган.

Ал эми Honda Odyssey унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, убактылуу бир айга камакка алынган. Кийинчерээк Асел Кадырбекованын үй-бүлөсү жол кырсыгына күнөөлүү айдоочуну кечиргени, тосмо арыз жазганы маалымдалган. Иш өндүрүштөн кыскартылган.

“Акыркы сабак” сериалындагы каармандар конокто
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kuban-1207
2022-01-12 11:36:07
Ушулардан башка жаңылык жокпу
+6
Kuban-1207
2022-01-12 11:36:47
Эмне кереги бар көзүн жазатабы
+4
alimbek94
2022-01-12 11:38:05
Ден соолукта бол. Ар дайым ушундай сулуу, келбетүү, татынакай болуп жүрө бер.
Жашоодо ийгилик сага. Өзүңүздү чын жүрөктөн сүйүп, жашоонун ар бир мүнөтүнөн ырахат алып жүрө бер. Сендей сулуу кыздар көп болсун.
-6
Bishkek-Kg
2022-01-12 12:11:56
Ушул адам сыяктуу роботтон башка жаңылык жокпу дүйнөдө?
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан