"Бул сактап калуу". Орусиялык ырчы Михаил Турецкийдын кызы ымыркайдын диагнозун билгенден кийин боюнан алдырды

Орусиялык ырчы жана дирижёр Михаил Турецкийдын кызы Наталья Турецкая боюндагы ымыркайдын диагнозун билгенден кийин аборт кылдырды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Наталья Турецкая боюндагы ымыркайга даун синдрому деген диагноз коюлгандан кийин аборт кылдырууну чечкен.

"Биопсия баарын тастыктады. Бул калп айтпайт. Албетте, бул абдан коркунучтуу. Биздин үй-бүлөдө мындай окуя орун алат деп ойлогон эмесмин", - деп жазган ал.

Мындан тышкары, ал Жаңы жылды кубанычтуу тосуп алгандан кийин учурда шок болуп жатканын билдирген. Наталья Турецкая өзүнүн чечими тууралуу жакшы ойлонгондугун, бардык мүмкүнчүлүктөрдү жана кесепеттерди кылдаттык менен баалаганын баса белгилеген.

"Менин эки балам бар, аларга дагы көңүл бурушум керек. Биз түбөлүк эмеспиз", - деп жазган ал.

Турецкая муну киши өлтүрүү эмес, куткаруу экенин баса белгилеген. Ал колдоо үчүн кайдыгер карабагандардын баарына ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан