Кыргыз өлкөсүнөн коронавирустун омикрон штаммы аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы маалымдады.
"Буга чейин анализдерди чет өлкөлөргө жөнөтүп, түрдүү инфекцияларды аныктачубуз. Бул жолу Кыргыз өлкөсүндөгү лабораторияларда жүргүзүлгөн анализдин натыйжасында эки адамдан коронавирустун омикрон штаммы аныкталды", - деп билдиришти министрликтен.
Өлкөдө январь айынын башынан баштап коронавирус күчөп жатат. Бүгүн, 12-январга карата сутка ичинде 465 адамдан коронавирус аныкталды.