Равшан Жээнбеков коронавируска чалдыгып, дарыланууда. Бул тууралуу саясатчы Фейсбук баракчасына жазды. Анда кечээ, 11-январда анализ тапшырып, коронавирус илдети аныкталганын, учурда дарыланып жатканын жазган.
“Кечээ тамагым ооруп, чыйрыкканымдан ковид эмеспи деп анализ тапшырдым. Тилекке каршы, ковид чыкты. Азыр дарыланып баштадым.
Лабораторияга барып ковидге анализ тапшырам десем, чет жакка кетип жатасызбы дейт. Жок, өзүм үчүн гана дедим. Алардын айтуусу боюнча чет жакка кетпегендер дээрлик анализ тапшырышпайт экен. Себеби анализдин баасы кымбат.
Ковид массалык түрдө башталды деп айтып калышты. Менимче туура эле. Менин жакындарымдын дагы баары ковид болуп жатышат. Азыркы статистика бул анализ тапшыргандар гана. Ал эми тапшырбай ооруп жаткандар бир топ эсе көп. Абайлагыла, бет кап тагынгыла", - деп жазган саясатчы.