Жалал-Абад шаарында кароосуз жүргөн мал-жандыктарды камоочу жай уюштурулду, бирок мал ээлерине айып салынат

Жалал-Абад шаарында кароосуз жүргөн мал-жандыктарды камоочу жай уюштурулуп, бош жүргөн мал-жандыктар кармалууда. Учурда аталган жайда кулуну менен бир баш бээ кармалып турат.
Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, малды кароосуз калтырган жарандарга айып пул салынат. "Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 124-беренесинин негизинде, мал ээсине 5 миң 500 сом айып пул салынат", - дешет милициядан.
Эгерде кароосуз жүргөн малды көрүп, байкап калгандар болсо, төмөндөгү номерлерге кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш номери: 0778-62-02-05.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан