Чүйдө өздөрүн социалдык кызматтын кызматкери катары тааныштырып тургундардын акчасын уурдап жүргөн аялдар кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-декабрынан 31-декабрга чейинки аралыкта Токмок милициясына жергиликтүү жашоочулар арыз менен кайрылышкан. Алар "социалдык кызматкерлербиз" деген бейтааныш эки аял акча каражаттарын уурдап кетишкенин билдиришкен.
"Арыздануучулардын бири 170 миң сом, экинчиси 50 миң сом, үчүнчүсү 80 миң сомун алдыртышкан. Бул фактылар боюнча сотко чейинки териштирүү башталган. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 1989-жылы туулган И.К. жана 1995-жылы туулган И.А. аттуу аялдар кармалды. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери улантылууда. Шектүүлөр буга чейин Ысык-Ата районунда уурулук фактысына шектелип, алардын иши 2021-жылдын август айында соттун кароосуна жөнөтүлгөн", - деп айтылат билдирүүдө.