Баткен облустук медициналык борборунда 1 миллион 900 миң сомго ЛОР-комбайн сатып алынды

Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда республикалык бюджеттен 1 миллион 900 миң сомго сатып алынган ЛОР-комбайн бар. Бул тууралуу Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Арзыбек Борубеков билдирди.

"Бул кулак, мурун жана тамак ооруларын аныктоочу заманбап эндоскопиялык аппарат. Аппарат спрей, соргуч жана жылыткыч менен жабдылган. Ошондой эле аппараттын эндоскоптору бар, анын жардамы менен дарыгерлер кекиртек менен кулакты көрө алышат. Мындай заманбап жабдуулар республиканын бардык саламаттыкты сактоо мекемелеринде жок. Баткен районунун тургундарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан