АКШ кыргыз өндүрүүчүлөрү менен өкмөт өкүлдөрүнө атайын окутуу семинарларын өткөрүүгө жардам көрсөтөт


Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын соода өкүлүнүн Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Кристофер Уилсон жана анын орун басары Зеба Реязуддин менен жолугушту.
АКШнын Кыргыз жергесиндеги элчилигинен билдиришкендей, тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүүнүн жолдорун жана келечегин талкуулашты. Тагыраагы, АКШнын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө өндүрүлгөн айыл-чарба товарларын бажы төлөмү жок Aмериканын базарларына сатууга жеңилдиктерди берген - Жалпыланган преференциялар системасын колдонуунун жолдорун жана АКШ менен соода жана инвестиция боюнча алаканы жакшыртуу маселесин талкуулашты.
"Элчи аталган программа Кыргыз өлкөсүнүн экспорттук потенциалын жакшыртуу үчүн маанилүү экендигин баса белгиледи. Америка тарапты бул программаны пайдаланууну кеңейтүүгө көмөктөшүүнү жана ушул максатта кыргыз өндүрүүчүлөрү менен өкмөт өкүлдөрүнө атайын окутуу семинарларын өткөрүп берүүнү өтүндү. Мындан тышкары кыргыз экономикасын жакшыртууга багытталган, өлкөдөгү ар кандай экономикалык долбоорлорду каржылоо булагын түзүү максатында келечекте Кыргыз-америкалык инвестициялык фонд түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды.
Өз кезегинде Кристофер Уилсон соода-экономикалык күн тартибин жана кыргыз тараптын сунуштарын олуттуу талкуулоого даяр экендигин билдирип, кыргыз тарапка семинарларды өткөрүүгө жардам көрсөтүлөрүнө ишендирди", - деп айтылат маалыматта.
Маалымат үчүн: АКШнын жалпыланган преференциялар системасы 1976-жылы түзүлүп, 121 катышуучу өлкөдөн 5000ге жакын товарды АКШга жеңилдетилген же алымсыз ташып келүү аркылуу бенефициар өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнө көмөк көрсөтүү үчүн негизделген. Кыргыз мамлекети бенефициар өлкө статусун 1993-жылдын 29-декабрында алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан