13-январга карата Бишкек шаарындагы конуштардын тургундарына 686 техникалык паспорт берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мэриядан билдиришкендей, Жер-Ынтымагы конушунан 1070 арыз кабыл алынып, 8 учурда канааттандыруудан баш тартылган, 898 техникалык паспорт берилди.
"Ошондой эле убактылуу негизде Ала-Тоо, Дордой, Арча-Бешик, Керамик, Төкөлдөш, Ак-Ордо, 2-Черепки, Кара-Жыгач, Тынчтык, Учкун конуштарында 2021-жылдын 13-декабрынан бери 542 кайрылуу кабыл алынган.
2022-жылдын 11-январынан тарта Дордой-2 конушунда да иш башталып, жашоочулардан 138 арыз түшкөн.
Көчмө бригадалары өз алдынча турак жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, андан соң техникалык паспорт даярдашат. Жарандар ошондой эле түз эле Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот", - деп айтылат мекеменин маалыматында.
Эскерте кетчү жагдай, техникалык паспортту даярдоо мыйзамдаштырууга укук бербейт, анда кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтар гана камтылган. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.
Белгилей кетсек, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.