"Бишкектеги №4-төрөт үйүнөн ымыркай уурдады, уурдоого катыштыгы бар" деп шектелип кармалган Нуржан Макенова, Шарапат Мамырканова менен Бегайым Алиева учурда Бишкек ШИИББинин СИЗОсунда. Аларга карата "адам сатуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү.
Учурда Бишкек ШИИББине атайын топ түзүлүп, ал топ ымыркайга жасалма күбөлүк берген орган боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат.