Гүлчөдө 70 жаштагы жоголгон аялды издөө иштери уланууда

12-январь күнү Гүлчө айылынын тургуну үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат ИИМ кызматкерлерине түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Гүлчө айылынын 70 жаштагы Ү.Б. аттуу тургуну үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон, анын кийимдерин Гүлчө суусунун жээгинен жергиликтүү тургундар издөө учурунда таап алышкан.

Издөө иштерине саат 10:00дө Алай райондук №68 ӨКБдан 5 куткаруучу жана ИИМден 20 кызматкер тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан