Бишкекте үч эм жарыкка келди

Бишкек шаарында 13-январь күнү 3 эм жарыкка келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1 уул, 2 кыз жарык дүйнөгө келген. Наристелер 2 килограмм 150 грамм, 2 килограмм 250 грамм жана 1 килограмм 850 грамм салмакта төрөлгөн.

"13-январда Бишкек шаарынын 1992-жылы туулган тургуну борборго кош бойлуулуктун 35-жумасында түшкөн. Ошол эле күнү кош бойлуу келин преэклампсия оорусуна байланыштуу наристелерди табигый жол менен төрөгөн. Бул анын экинчи кош бойлуулугу. Учурда балдардын апасы жандандыруу бөлүмүндө, абалы туруктуу. Операция техникалык кыйынчылыктарсыз өттү. Ал эми ымыркайлардын абалы орточо оор, туруктуу", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sajakat14
2022-01-14 18:10:38
Үч баланы бир төрөгөн баатыр эне экен. Бешик бооңор бек болсун. Балдар менен апасы бат тыңып алышсын!
+4
Kari
2022-01-14 20:50:14
Омурлуу болсундар,Апасынын бактына акыл эстуу,4 мучосу чын болсун
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан