
Эртең, 15-январда Жалал-Абад жана Чүй облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жана республиканын башка аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +13...+18,
Талас жергесинде +11...+16, Ысык-Көл чөлкөмүндө +3...+8 градус жылуу.
Нарын облусунда -3...-8 градус суук болот.
Бишкек жана Ош шаарында +16...+18 градуска жетет.