Коңшу Казакстанда камакта жаткан Кыргыз өлкөсүнүн төрт жараны бошотулду. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Алматыда себепсиз камакка алынган Закир Юбуров жана анын жакындары баарыбызды тынчсыздандырган. Азыр акыйкаттык орноду", - деп жазды Молдокматова.
Видеодо көрүнгөндөй, төрт жаран аларда баары жайында экенин айтып, Кыргыз өлкөсүнө салам жолдошкон.
Эске салсак, 12-январда Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханжеза мөөнөтүнөн мурда бошотулабыз деген убадаларга карабай 4 Кыргыз жараны дагы эле Казакстанда камакта экенин билдирген.