Талас облусунун Кара-Буура районунда өгөй кызын зордуктоого шектелген 1971-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандын иши тергелип бүтүп, Кара-Буура райондук сотуна өттү. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз катчысы SUPER.KG порталына маалымдады.
"Кара-Буура РИИБи зордуктоого шектелген Б.Б. аттуу жарандын үстүнөн тергөө иштерин аяктап, 2021-жылдын декабрь айында Кара-Буура райондук сотко өткөрүп берди", - деди басма сөз кызматы.
Ал эми Талас облустук сотунун басма сөз катчысы шектүү жарандын соттук иши 20-январда Кара-Буура райондук сотунда караларын маалымдады.
Окуянын чоо-жайы:
2021-жылдын 22-июнь күнү саат 20:48 чамасында Кара-Буура РИИБинин "102" кызматына Чымгент айылынын 35 жаштагы тургуну чалып, 2005-жылы туулган кызын 50 жаштагы өгөй атасы күч колдонуп зордуктап жүрүп, кош бойлуу болуп калганын билдирген.
Тергөө тобу окуя болгон жерге барганда өгөй атасы качып кеткени аныкталган. Текшерүү учурунда жабырлануучунун апасы кызынын зордукталганын уккандан кийин ошол замат милиция бөлүмүнө барбай, милицияга 2-3 күн өткөндөн кийин кайрылганы белгилүү болгон. Зордукталган кыздын апасы шектүү менен өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, убакыт өтүп кеткендигин айткан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-берене ("зордуктоо") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
2021-жылдын сентябрь айында 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген өгөй ата дагы деле табыла электигин кыздын апасы SUPER.KG порталына билдирген. "Жолдошум качып жүргөнүнө 2 айдан ашык убакыт болду. Милиция кызматкерлери таба албай жатышабы же атайылап колго түшүрбөй жатышабы билбейм. Күйөөм айылда эле жүрөт деген имиштерди угуп жатам. Ал эми анын үлүш жерин бир туугандары өздөрүнө каттатып жатышат. Зордукталган өспүрүм кызым бир айдан кийин төрөйт. Азыркы тапта эмне кыларымды билбей жатам", - деген апасы.
2021-жылдын ноябрь айында Кара-Буура районунда өзгөчө оор кылмышка шектелип издөөдө жүргөн Б.Б. аттуу жаран Бишкектен кармалган. Ал жакын туугандарыныкында жашырынып жүргөн маалда милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүп, Кара-Буура РИИБине өткөрүлүп берилген. Соттук өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жүргүзүлгөн.