Таласта 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген өгөй ата дагы деле табыла элек. Бул тууралуу кыздын апасы SUPER.KG порталына билдирди.
"Жолдошум качып жүргөнүнө 2 айдан ашык убакыт болду. Милиция кызматкерлери таба албай жатышабы же атайылап колго түшүрбөй жатышабы билбейм. Күйөөм айылда эле жүрөт деген имиштерди угуп жатам. Ал эми анын үлүш жерин бир туугандары өздөрүнө каттатып жатышат. Зордукталган өспүрүм кызым бир айдан кийин төрөйт. Азыркы тапта эмне кыларымды билбей жатам", - дейт жабырлануучунун апасы.
Окуянын чоо-жайы:
22-июнь күнү саат 20:48 чамасында Кара-Буура РИИБинин 102 кызматына Чымгент айылынын 35 жаштагы тургуну чалып, 2005-жылы туулган кызын 50 жаштагы өгөй атасы күч колдонуп зордуктап жүрүп, боюнда болуп калганын билдирген.
Тергөө тобу окуя болгон жерге барганда өгөй атасы качып кеткени аныкталган. Текшерүү учурунда жабырлануучунун апасы кызынын зордукталганын уккандан кийин ошол замат милиция бөлүмүнө барбай, милицияга 2-3 күн өткөндөн кийин кайрылганы белгилүү болгон. Зордукталган кыздын апасы шектүү менен өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, убакыт өтүп кеткендигин айткан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-берене ("зордуктоо") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.