"Айыптуулар тиешелүү жазасын алат". Оорукананын алдындагы ката жазылган такта алынды

Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун алдында ката жазылган такта алынды. Бул тууралуу аталган оорукананын жетекчисинин орун басары Сталбек Бердиев SUPER.KG порталына билдирди.

"Такта анда жазылган катаны оңдоо үчүн алынды. Аны жасагандар биздин кызматкерлерге алдын ала көрсөтпөстөн илип коюшкан. Биз чуу чыгаргандыктан алар катаны дароо оңдогонго убада беришти. Айыптуулар тиешелүү жазасын алат" - деди ал.

Эскерте кетсек, социалдык тармактын колдонуучулары Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун алдында ката жазылган аталышты кызуу талкууга алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
al-abu-kinesz
2022-01-17 23:39:25
Баары келип окууну коридордон бутуп ушул жазууларды компьютерген оператордун айыбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан