Социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн суусу тартылып жатат деген маалыматтар тарап жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун тургундары айтып чыгышты. Айрыкча суунун тартылышы Чолпон-Ата шаарында байкалгандыктан SUPER.KG порталы Чолпон-Ата шаардык мэриясынын кызматкери менен байланышты.
"Биз бул маалымат тарагандан кийин тиешелүү жактар менен иш алып барууга өттүк. Бирок азыр суунун тартылып жаткандыгы тууралуу так маалымат бере албайбыз. Бул маселенин үстүнөн Улуттук илимдер академиясына караштуу тиешелүү комиссия иш алып барышы зарыл. Атайын изилдөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин толук маалымат берилет", - деди ал.