Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 19-январдагы токтомуна ылайык, Адилет Кубанычбековго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 17-март күнүнө чейин тандалды. Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камакка алынды.
17-январда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалган.