Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча COVID-19 илдетинен 266 бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, стационардык дарыланууда 1040 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 5 961 бейтап бар.
Бир суткада стационардан 3 медицина кызматкери, үй карантинден 6 медицина кызматкери айыгып чыкты.
Өлкөдө илдеттен айыккандардын жалпы саны 181 692 бейтапты түздү.