Бүгүн, 29-мартта Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө 400 Кыргыз жараны учуп келишет. Өлкөгө кайтып келе жаткандар мындан 2 саат мурда учакка отурушкан деп билдирет Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан.
"Шереметьево" аэропортунда өлкөгө кайтабыз деп калган жарандардын 60 пайызы, тагыраагы, 400 Кыргыз жараны өлкөгө кайтышты. Алар 2 саат мурда учушту. Жарандарыбызды өлкөгө кайтаруу үчүн аз орундуу учак сунушталган. Бирок кыргыз өкмөтүнүн, президенттин администрациясынын, элчиликтин сунушу менен 400 орундуу учак берилди. Жарандарды Бишкек шаарына чейин жеткирүүнү "Аэрофлот" авиакомпаниясы колго алды", - деди маалымат катчы.
Коронавирустун күч алганына байланыштуу Орусия 27-марттан баштап бардык өлкөлөр менен болгон аба каттамдарын расмий түрдө белгисиз мөөнөткө токтоткон.