Кара-Балтада 4 кыз суицид кылууга аракет жасашты

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 4 кыз өз жанын кыюуга аракет жасашты. Алар ашыкча өлчөмдө дары ичишкен дешет облустук ички иштер башкы башкармалыгынан.

Белгилүү болгондой, 19-январда болжол менен саат 19:22 чамасында аймактык оорукананын "Тез жардам" кызматынан милицияга билдирүү түшкөн.

"Анда Кара-Балта шаарынын 1987-жылы, 1995-жылы, 1996-жылы, 1998-жылы туулган тургундары дары-дармекке уулануу, суицид жасоого аракет кылуу менен бейтапканага түшкөнү кабарланды. Жабырлануучуларга биринчи жардам көрсөтүлүп, андан кийин аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгени белгилүү болду.

Бул факты Жайыл РИИБи тарабынан каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүүдө", - дешет мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан