Лейлекте жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Лейлекте жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 19-январда Лейлек районуна караштуу Кулунду айылындагы жолдо болгон. Анда 16 жана 22 жаштагы эки адамды автоунаа сүзүп кеткен. Кырсыктын натыйжасында 22 жаштагы жигит ошол жерде каза болуп, экинчи адам ооруканага түшкөн. Ал эми айдоочу окуя болгон жерден из жашырган. Издөө иштеринин жыйынтыгында М.С. аттуу айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми унаасы айып короосуна токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан