"Туулган күнүмдү айылдан белгилей элегиме 15 жылдан ашыптыр" дейт 37 жашка толгон Аскат Мусабеков

Ырчы, аткаруучу Аскат Мусабеков бүгүн, 20-январда 37 жашка толду. Ал бул күндү айылда ата-энесинин жанында өткөрүп жатканын куттуктап байланышканыбызда айтты.

"Быйылкы туулган күнүм айылда өтүп жатат. Бүгүн менин эле эмес, атамдын да туулган күнү. Үй-бүлөм менен атамды куттуктап келгенбиз. Эстесем, 15 жылдан ашыптыр туулган күнүмдү айылдан тосо элегиме", - дейт ал.

Аскат Мусабеков Ат-Башынын Ак-Моюн айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө 1985-жылы туулган. Беш бир туугандын ортончусу.

Анын аткаруусундагы "Аруузатым", "Сүйүү дастаны", "Жамила", "Шириним", "Кара кыз" жана башка ырлар, дастандар элдин жүрөгүнөн түнөк тапты. Мусабековдун аткаруусундагы "Аруузатым" чыгармасы "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2011-жылдын супер ыры" деп табылган.

Аскат Мусабеков Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти, "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинин ээси, эл аралык бир канча сынактардын жеңүүчүсү, "Алтын Шаты" президенттик сыйлыгынын ээси. 2021-жылы президенттин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Ырчы 2008-жылы кылкыякчы Залина Касымовага үйлөнүп, 5 жыл чогуу жашагандан кийин ажырашып кеткен. Түгөйлөрдүн ортосунда 2 баласы бар.

2020-жылы Аскат Мусабеков ырчы Миргүл Асаналиевага үйлөнүп, түгөйлөр 2021-жылы кыздуу болушкан.

20-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
alym21
2022-01-20 16:53:10
Берки 2 баланды да алып алдынбы айылга?
+4
Datka7777
2022-01-20 19:13:43
alym21,Залина бербейт
-3
nurka_85
2022-01-21 08:21:26
Балдары туруп уйлонгон эркектерге мин наалат, балдардын убалы , катындын каргышы уктатпасын!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан