Алматыда сабалган Кыргыз жараны Чолпонбек Сыдыков Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди.
Маалыматка ылайык, Алматыдагы тополоңдо сабалган Кыргыз жаранын "Ак-жол" көзөмөл-өткөрмө пунктунан медицина кызматкерлери тосуп алып, "Тез жардам" кызматы менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып кетишкен.
Учурда Тышкы иштер министрлиги Казакстан тарап менен Сыдыковго байланыштуу окуянын бардык жагдайларын тактоо жана анын ден соолугуна оор залал келтирген күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.