Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапарынын алкагында Талас районунун Кумарык айылындагы "Йогонесдорф" магистралдык каналындагы тазалоо жана оңдоо иштери менен таанышты.
Төрага жазгы талаа жумуштарына даярдык өз учурунда жүргүзүлүшү керектигин белгилегенин министрлер кабинетинен билдиришти.
"Кышка карай даярдык жайында, ал эми жазга даярдык күздө башталышы керек. Мындай тажрыйба ырааттуу ишке ашырылышы керек. Көйгөй жаралганда гана чечүүгө киришпестен, бардык тобокелдиктерди эске алуу менен алдын ала иштер жүргүзүлүшү тийиш", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.
Буга чейин Акылбек жапаров Айыл чарба министрлигине ушул жылдын март айынын биринчи жарымына чейин республика боюнча сугат системаларынын даярдыгын жыйынтыктоону тапшырган.
"Йогонесдорф" магистралдык каналындагы оңдоо иштери 2021-жылдын ноябрь айында башталган. Учурда каналдын өткөрүү жөндөмдүүлүгү секундасына 3,5 куб метрге жетти. Бул мурунку өткөрүү жөндөмдүүлүгүнөн 1,5 эсеге көп (оңдо иштерине чейин секундасына 2 куб метр болгон).