
Орусиянын Москва шаарында кыргыз блогерине кол салуу болгондугун айрым массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен факты тастыкталганын маалымдайт.
"1991-жылы туулган Н.Д. аттуу Кыргыз жаранына каракчылык менен кол салуу фактысы тастыкталды. Москва шаарынын полициясы Кыргыз өлкөсүнүн үч жаранын кармады. Аларга Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш ("каракчылык") боюнча айып тагылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - дешти маалымат кызматынан.