Журналист Болот Темиров: "Жалпылап айтканда бул - оюн"

Журналист, иликтөөчү Болот Темиров соттон чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда ал иштин маңызы боюнча эч нерсе айта албай турганын, ачыкка чыгарбоо келишимине кол койгонун айтат.

"Жалпылап айтканда, бул оюн. Укук коргоо органдарына реформа керек деп айта алам. Анткени алар бийликке баш ийип, алардын буйругун аткарып жатышат. Мага милиция кызматкерлери келишип, капа болбоого чакыршты", - деди Темиров.

Белгилей кетсек, кечээ, 22-январда Temirov Live иликтөөчү журналисттердин кеңсесинде милиция кызматкерлери жана бет капчан адамдар тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, андан кийин журналист Болот Темировду укук коргоочулар кармап кетишкен.

Бүгүн, 23-январда Свердлов райондук сотунда Болот Темировдун баш коргоо чарасы каралып, ал эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bosmos77777
2022-01-23 15:58:35
Баатыр! Кыргыздын баатыры. Докансалардын акыркы наакта жузу ачылды. Бетинер болсо.ТШ,ЖП.колдобогула.Эл казынасын уурдаап, жер суусун саатып. Коркуп, тызааландаап,чычаалаап. Элди чогуулутуп орондооп суйлоп. Жээнин,окул балдарын коргооп. Чын учун чычаалап жатат да.
0
Katrina.
2022-01-23 16:39:34
bosmos77777,Эн туура!
-1
Azat-123
2022-01-23 19:02:18
Болот сен американын заказын аткардың, материалыңда чындык жок
0
patriot.kg94
2022-01-23 19:49:55
Али Токтакунов Болот Темиров Ош окуясы боюнча дагы иликтоо жургузгулочу сураныч силерден, силер кыйын журналист экенсинер силердин колунардан келет Ош окуясына кимдер куноолуу экенин табасынар деп ойлойм иликтесенер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан