"Бошотуп алып кетели". Акындар милициянын имаратынын алдында ырларын төгүп жатышат

Бүгүн, 23-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын имаратынын алдына төкмө акындар жана манасчылар чогулушту. Алар милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, учурда убактылуу кармоочу жайда отурган кесиптеши Болот Назаровдун бошотулушун талап кылышууда.

Жерине топтолгон акындар кезек-кезеги менен төгүп жатышат.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти: "Кылымда мындай болбогон, акынды караңгы торго салышы".

"Айтыш" коомдук фондунун төрагасы Асылбек Маратов жана башка төкмөлөр.

Белгилей кетсек, кечээ, 22-январда Temirov Live иликтөөчү журналисттердин кеңсесинде милиция кызматкерлери жана бет капчан адамдар тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, журналист Болот Темировду укук коргоочулар кармап кетишкен. Андан кийин акын Болот Назаров дагы кармалганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tilek121277
2022-01-23 16:34:12
Ээ койгулачы тынч эле отургула куноосу Болбосо чыгат да
-3
Antiradikal10
2022-01-23 19:01:31
tilek121277, Куноосу жок Молдокматов бир жылдан бери абакта жатат. 2 досту сындап суйлогону учун.
-2
Future11
2022-01-23 16:43:42
Ар бирибиз укуктарынын үчүн күрөшүбүз керек. Эртен сага да жалган жалаа жаап, наркотик таштап койсо эмне кыласын?
+3
Sanjura
2022-01-23 17:35:10
Канча карапайым калкка наркотик салып ак жеринен камап таштады бир гана милициялар жана АЛЛАХ билет
+6
Arzybekkg
2022-01-24 12:04:58
Кайсы беттери менен келип алып ырдап жатышат. Озу Кыргызстандын келечегин ойлогон патриоттор чогулуп митинг кылгандарга чара коро турган эле болуп калды. Бийлик унчукпай алсыз болуп жатат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан