Кыргыз-Тажик чек арасына чектеш Сай аймагында тосмо орнотуу иштери убактылуу токтотулду

Кыргыз-Тажик чек арасына чектеш Баткендеги Сай жерлигинде тосмо орнотуу иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 23-январда болжол менен саат 14:40 чамасында Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылынын Сай жерлигиндеги Козу-Баглан дарыясынын аймагында Эски-Оочу айылынын бир топ жарандары мамлекеттик чек ара аймагынан такталбаган жерине мал-жандыктары кирип кетпеши үчүн зым менен казыктарды орнотуу жумуштарын башташкан.

Бул иштерди жүргүзүү 21-январда Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек ара застава башчылары менен макулдашылган.

Бирок зым менен казыктарды орнотуу учурунда Тажикстандын чек ара кезмети келип тосмону орнотууга эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн чечими керек деген шылтоо менен жумуштарды токтотууну талап кылышкан. Чыр-чатакты болтурбоо максатында Кыргыз жарандары тосмо тосуу жумуштарын убактылуу токтотушкан.

Бул маселени чечүү үчүн жакынкы убактарда эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу пландаштырылган.

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аталган аймагын көзөмөлгө алып турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nina.alex
2022-01-24 11:52:38
Ошо жака барып купулдоп,бакылдашпайбы два другана
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан