
Мурунку баш прокурор
Аида Салянова журналист
Болот Темиров менен акын
Болот Назаровду колдоо митингинен кийин ага катышкан эки жаран ур-токмокко кабылганын социалдык баракчасына жазып чыкты.
"Урматту ички иштер министри Ниязбеков мырза! Болот Темиров менен Болот Назаровду бүгүн сотто Нургазы Шайлообеков менен Айбек Назаркулов активдүү колдоп турган. Митинг бүткөндөн кийин Ленин районунун аймагынан аларды уруп-сабап милиция кызматкерлери Фучиктеги бөлүмүнө алып кетишиптир. Муну кандай түшүнсөк болот?! Кечирим сурап тез арада коё бересиңер деген үмүттөмүн!" - деп жазган.
Эскерте кетсек, кечээ, 23-январда журналист Болот Темиров менен акын Болот Назаровду колдоо митинги өткөн.