24-январда Жогорку Кеңештин комитетинде "Социалдык фонддун 2020-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоорун карашты.
Мыйзам долбоорун Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Теңизбек Абжапаров сунуштады. Ал белгилегендей, Социалдык фонддун 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу отчётунун кирешелер боюнча 56 миллиард 56 миллион сом өлчөмүндө бекитүү сунушталып, бул 2019-жылга салыштырмалуу 2 миллиард 231 миллион сомго көп.
“Социалдык фонддун бюджетинин чыгашалары 56 миллиард 635 миллион сом, анын ичинде пенсиялык фонддун чыгашалары – 52 миллиард сом, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду – 2 миллиард 361 миллион сом, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 198 миллион сом чыгашалары такталды. Ал эми бюджеттик тартыштык 579,8 миллион сомду түздү", - деди баяндамачы.
Маселени талкуулоодо комитеттин мүчөлөрү пенсияларды жана социалдык жөлөк пулдарды көбөйтүү жана өз убагында төлөө, пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн жыл сайын индексациялоо маселелерине көңүл бурушту. Тактап айтканда, депутат Надира Нарматова отчёттук мезгилге аудит жүргүзүү маселесин көтөрдү.
Маалым болгондой, Эсептөө палатасы 1 миллиард сомдон ашык суммага каржылык мыйзам бузууларды аныктап, анын ичинен: 538 миң сом - финансылык мыйзам бузуулар, 840 миллион сом - Социалдык фонддун бюджетинен түшкөн каражаттарды максатсыз жана мыйзамсыз пайдалануу, түзүмдүк түзүлүштөгү мыйзам бузуулар 200 миллион сомду түзгөн. Мындан тышкары 323 миллион сомдук резервдер жана бюджеттик жоготуулар аныкталган.
Талкуунун жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырышты.