Бүгүн, 25-январда президент Садыр Жапаров дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Борбордук Азиянын жана Кытайдын мамлекет башчыларынын жамааттык онлайн жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кытай тараптан демилгеленген “Борбордук Азиянын мамлекеттери - Кытай” онлайн-саммитине Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев катышат.
Тараптар Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн кеңири спектри, ошондой эле көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат.
Онлайн-саммиттин жыйынтыгында дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Борбордук Азиянын жана Кытай Эл Республикасынын мамлекет башчыларынын Биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат.
Белгилей кетсек, Кытай Эл Республикасы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган.
1992-жылдын 5-январында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлган.
Эки тараптуу мамилелердин негиз салуучу документи болуп 2002-жылы кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим да саналат.