Бишкек шаардык мэриясы Казакстандагы баш аламандыкта сабалган Чолпонбек Сыдыковго материалдык жардам көрсөттү.

Шаардык мэриядан кабарлашкандай, учурда Сыдыков №4 шаардык ооруканада дарыланып жатат.

"Ага шаардык мэриянын резервдик фондунан 50 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөтүлдү. Мэрия мекендешибизге тез арада сакайып кетүүсүн жана чың ден соолук каалайт", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 20-январда Чолпонбек Сыдыков "Ак-жол" көзөмөл-өткөрмө пунктуна чейин жеткирилип, андан кийин медицина кызматкерлери тосуп алып, "Тез жардам" кызматы менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келишкен.

Ага дарыгерлер алдын ала диагноз коюшканын, бейтап жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкан. Ал эми өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Чолпонбек Сыдыковдун сабалышы боюнча коңшу Казакстанга нота жиберген. Мындан тышкары Сыдыковго операция жасоо пландалууда.