Кытайдан автобустарды алып келүүдө өлкөгө 170 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени аныкталды

2019-жылы Кытайдан автобустарды импорттоодо миллиондогон долларлык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан республиканын аймагына алып келинген транспорт каражаттарын бажы жол-жоболоонун мыйзамдуулугу текшерүүгө алынган.

Прокурордук текшерүү учурунда бажы кызматкерлери транспорт каражаттарын ташыган тараптар байланышта болушуп материалдык каражат жана артыкчылыктарды табуу максатында Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарынын талаптарын бузуп 2019-жылы өлкө аймагына келген автобустарды төмөндөтүлгөн тарифтерди колдонуу менен мыйзамсыз каттоодон өткөргөндүгү аныкталган.

"Белгиленген мыйзамсыз аракеттерден улам республиканын бюджетине 170 миллион сомдон ашуун материалдык зыян келтирилгендиги такталды. Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси "Коррупция" менен кылмыш иши козголду. Кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
joke81kg
2022-01-25 11:23:09
Тиешелуу адамдарды жоопко тартып 100мин штраф салып койбой 170млн ду толук толотуш керек
+7
Dembele84
2022-01-25 11:52:10
Жеп эле жатат,камалса кайра чыгып жатат.Ошентсе кайдан жоголот эле коррупция?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан