
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун директору болуп
Эркин Тавашаров дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин аталган кызматты Талайбек Бектенов 2021-жылдын февраль айынан бери жетектеп келген.
Эске салсак, "Электр станциялары" ачык акционердик коому өлкөдөгү электр энергиянын 98 пайызын өндүрөт.