Депутат: "Жолдорду куруу боюнча системаны карап чыгуу керек"

Депутат Тазабек Икрамов жолдорду куруу системасын карап чыгуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Жолду курууну чет өлкөлүк инвесторлорго берип жатабыз. Бирок жолдун сапаты начар болуп жатат. Жаңы салынган жолдор бир жылга жетпей бузулууда. Аны кайра оңдоп-түзөп бир топ каражаттарыбыз кетип жатат. Жолду куруу системасын карап чыгуу керек. Советтер Союзу убагындагы жолдор азыркыга чейин бузулбай турат", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2022-01-25 11:49:02
Ош-Ноокат Баткен жолу мышык ыйлагыдай болуп жатат,былтыр ондойбуз деген толк жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан