Баткен облусундагы чек арага чектеш 62 айылдын тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган тизмедеги өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактары өкмөттүн 2020-жылдын 26-июнундагы токтомдун негизинде кабыл алынган.
Лейлек району:
- Жаңы-Жер айылдык аймагы: Центральное (Борбордук) айылы Жаштык участогу менен, Арка, Достук айылдары жана Ай-Көл участогу;
- Кулунду айылдык аймагы: Интернациональное, Коммунизм (Ак-Арык), Ленин (Раззаков), Максат айылдары жана Кайрагач, Майты, Сада участоктору;
- Исфана шаары: Мырза-Патча айылы;
- Бешкент айылдык аймагы: Эски-Оочу айылы;
- Сумбула айылдык аймагы: Көк-Таш айылынын Дейнөө участогу.
Баткен району:
- Кыштут айылдык аймагы: Таян, Согмент, Чарбак жана Сай айылдары;
- Суу-Башы айылдык аймагы: Боз-Адыр, Кара-Токой, Бөжөй жана Апкан айылдары;
- Төрт-Күл айылдык аймагы: Ак-Өтөк, Зар-Таш, Чоңгара жана Чоң-Талаа айылдары;
- Кара-Бак айылдык аймагы: Достук, Дөбө жана Кара-Бак айылдары;
- Самаркандек айылдык аймагы: Самаркандек, Миң-Өрүк жана Паскы-Арык айылдары;
- Ак-Сай айылдык аймагы: Ак-Сай, Таштумшук, Үч-Дөбө, Көк-Таш, Миң-Булак жана Капчыгай айылдары;
- Ак-Татыр айылдык аймагы: Ак-Татыр айылы жана Орто-Боз айылы (Көк-Терек) Мазеиттин жери участогу менен.
Кадамжай району:
- Ак-Турпак айылдык аймагы: Өтүкчү, Калача, Кызыл-Коргон Ак-Турпак жана Чоң-Кара айылдары;
- Алга айылдык аймагы: Чуңкур-Кыштак, Алга жана Адыр айылдары;
- Бирлик айылдык аймагы: Чечме, Сырт жана Ынтымак айылдары;
- Абсамат Масалиев айылдык аймагы: Какыр жана Лесхоз айылдары;
- Көтөрмө айылдык аймагы: Ак-Кыя жана Кара-Шоро айылдары;
- Кыргыз-Кыштак айылдык аймагы: Кыргыз-Кыштак жана Кайтпас айылдары;
- Халмион айылдык аймагы: Ынтымак, Көк-Тал, Чекелик, Жошук, Жаңы-Айыл, Ирилеш, Гүлдүрөмө (Жаңы-Жер участогу), Ноогардан, Халмион айылдары.

Баткенде өзгөчө статус алган айылдарга төмөнкүдөй жеңилдиктер каралат:
1. Буга чейин аталган айылдарда пенсиянын орточо суммасы 5 500 сом болгон болсо, эми ар бир пенсионердин пенсиясына 2000 сомдон кошулат;
2. Ал эми 16 жашка чейинки балдарга берилүүчү жөлөк пулдардын орточо суммасы 891 сом болсо, алардын суммасы эки эсеге көбөйтүлөт;
3. Ошондой эле аталган айылдардын жашоочулары электр энергиясына ай сайын төлөнүүчү жалпы сумманы 50 пайыз арзандатуу менен төлөй аласыздар.
Чек арага чектеш 62 айылдын социалдык тармакта эмгектенген (дарыгер, мугалим), мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча көбөйтүү жагы да каралды.
Аталган кызматкерлердин мамлекет тарабынан алынган эмгек акысынан алынган киреше салыгынын ставкасы 10 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүлдү.
Ошондой эле 62 айылдын жашоочулары:
* пайда салыгынан толук бошотуу;
* сатуудан алынуучу салыктан бошотуу жагы каралды.
Мындан сырткары Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жеңилдетилген негизде көрсөтүүнүн өзгөчө режими киргизилди.
Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардан:
* ооруканаларда 50 пайыз арзандатуу менен дарылоо 800 сомдон 400 сомго кыскартылат;
* паразитологиялык изилдөөдө 50 пайыз менен арзандатылат;
* Ички иштер министрлиги тарабынан - соттолбогондугу тууралуу маалымкаттарды акысыз берүү каралды.
* Бардыгы болуп 7 мамлекеттик кызматтарга жеңилдетүүлөр көрсөтүлөт.
Баткен облусуна инвесторлорду тартуу максатында:
- Инвестицияларга өлкөнүн башка аймактарда 3 миллион АКШ доллардан кем эмес болсо Баткен облусуна 1 миллион АКШ доллар өлчөмүндө мамлекеттик кепилдиктер берилет.
- Баткен облусу үчүн тоо-кен тармагына инвестицияларга 10 миллион АКШ доллар болсо өлкөнүн калган аймактарда 20 миллион АКШ доллардан кем эмес мамлекеттик кепилдиктер берилет.
Жогоруда аталгандардын баары 2022-жылдын 1-мартынан тартып ишке ашат. Бул боюнча президент Садыр Жапаров чечим кабыл алып, Министрлер кабинетине тапшырма койгон.