Бүгүн, 25-январда Борбор Азиядагы электр шакекчесинде авария болуп, ал Кыргыз өлкөсүнө да таасир берди.
Тагыраагы, өлкөдө электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Өзгөчө кырдаалга байланыштуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын беришти.
Анда электр жарыгы калыбына келтирилгени менен шаар тургундарына дагы деле ичүүчү суу берилбей жатканы маалымдалды. Министр суунун берилбей жатканын суу түтүкчөлөрүнө басым болуп, айрым жерлерде авария болгону менен түшүндүрдү.