Бүгүн, 25-январда өлкө боюнча электр жарыгынын жапырт өчүшүнө байланыштуу Чуңкурчак тоо лыжа базасында адамдар асма жолдордо калып калды. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.
Маалыматка ылайык, адамдар асма жолдордо бир нече убакыт отурушкан. Асма жолго генератордун жардамы менен ток берилип, адамдар түшүрүлгөн.
Бүгүн, 25-январда түштө өлкөнүн дээрлик бардык аймагында электр жарыгы өчкөн. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарык Борбор Азия боюнча өчкөнүн билдирди.