Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан депутат болуп, кийин мандатынан ажыратылган Орозайым Нарматова анын ордуна депутат болуп келген Айгүл Айдаровага ийгилик каалады. Билдирүүнү ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Урматтуу достор! Бүгүн менин партиялашым, пикирлеш эжекебиз Айгүл Айдарова кезектеги депутат болуп катталды. Менин соттошпогонумдун бирден бир себеби да ушул эле. Анткени менден күчтүү, менден билимдүү, мамлекеттик кызматта иштеген, дасыккан адис. Мен кийинки беш жылда, Айгүл эжемдин жашына жеткенче дагы бир дипломдуу болуп, араңыздарга кайтып келем. Ал эми менин "соттошпойм" деген чечимимден улам фракциянын аксакалдары кеңешип, Исхак Абсаматович баш болуп "баары бир мыйзамдуулук жогору турушу керек" деп тийиштүү комитетке кайрылуу жасашты.
Мындан кийинки териштирүү иштери мыйзамдын алкагында жүрө берет. Мага "эми эмне менен алек болосуң?" деген суроолорду берип жатасыздар. Мен ден соолугумду чыңдап, саякатка чыгып, дүйнө кыдырып, дем алайын деп жатам. Жакындарымды жоготкондон бери моралдык жактан кыйналып кеттим, мага дем керек болууда. Бирок ар дайым эфирде болом, буюрса. Айгүл эжекеме ийгилик каалаймын! Буюрса, биздин партия мыйзамдын диктатурасы кандай болорун трибунада көрсөтөт", - деп жазды Орозайым Нарматова.
Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы каттоону жокко чыгарган. Бул тууралуу чечим 20-январда аталган комиссиянын жыйынында кабыл алынган. Бул токтомго БШКнын 10 мүчөсү "макул" деп добуш берген. Буга Нарматова жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө УКМК менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы себеп болгон.
Ал эми бүгүн, 25-январда БШК анын депутаттык мандатын Айгүл Айдаровага тапшырды.