Бүгүн, 26-январда 2022-2023-окуу жылына карата мектепке электрондук жазылуу тууралуу маалымат жыйын өтүүдө. Жыйынды билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү өткөрүүдө.
"Өлкөдө электрондук каттоо кызматы 3 жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл 6-7 жаштагы балдарды кабыл алуу республиканын бардык аймактарында билим берүү мекемелеринде аткарылат. Быйыл электрондук каттоо системасы 11-апрелде саат 9да башталат", - деди Жусупбекова.
Ошондой эле быйыл электрондук каттоо системасында өзгөртүүлөр киргизилген. Анда ата-эненин жашаган жеринен маалымкаттын кереги жок.
Маалымат жыйынга билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Назгүл Лосникова, Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация секторунун башчысы Расул Маматов, Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова катышууда.