Чүй облусунун Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн Ш.Э.М. аттуу жетектөөчү адиси опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Москва райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ш.Э.М., Кыргыз жаранынын паспортун алуу маселеси боюнча оң чечим чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Х.Х.Х. аттуу жаранынан опузалап акча каражатын талап кылганы аныкталды.
Азыркы учурда кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.