Казак саясатчысы Мухтар Аблязов Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен келишим түзгөнүн айтты. Видео YouTube каналга жарыяланды.
Анын айтымында, ал коңшу өлкөдөгү нааразычылык акцияларына эчак эле даярдана баштаган, андан кийин Кыргыз өлкөсү аркылуу Казакстанга учуп кетмек болгон.
«Мен азыр абакта жаткан Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти менен макулдашкам. Мен Кыргыз өлкөсүнө атайын рейс менен учушум керек болчу, анан алар мени тик учак менен Алматыга өткөрүп бериши керек эле. Негизи бул көп жылдык иш. Төрт жыл бою митингчилерге аянтка кантип кирүү, аянттарда позицияларды ээлөө, милиция менен кантип жүрүш керек жана башкаларды түшүндүрдүк», - деген Аблязов.
Мухтар Аблязов өзүн Казакстандагы нааразычылык акцияларынын лидери катары тааныштырган.
Казак оппозиционери Мухтар Аблязов Алмазбек Атамбаев менен келишим түзгөнүн айтты.