Чүйдөгү мектептеги мугалим менен окуучунун чыры. Мугалим иштен кетти

Мугалим менен окуучунун ортосунда чыр чыккан Лебединовкадагы мектептин тарых мугалими иштен кетти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 21-январда Лебединовкадагы мектептин тарых мугалими менен 8-класстын окуучусунун ортосунда чатак болгон.

"Окуя болгон мектепте Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана кызматкерлердин катышуусунда жыйын болуп өттү. Анда Ички иштер башкармалыгы, мектеп администрациясы жана ата-энелер жыйында окуянын келип чыгуу себептерин жана тараптардын жоопкерчилигин талкуулашты. Күнөөлүүлөр кылгандарын моюнга алышты. Жыйындан кийин тарых мугалими өз каалоосу менен жумуштан кетүү боюнча арыз жазып, мектеп жетекчилиги бул арызды канааттандырды", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Tyttty1990
2022-01-26 15:18:12
Бир аз жулкулдатып койсо койгондур. Бир мугалимди жумушсуз калтырып не кереги бар эле.
Карантинде онлайн сабак алып ата энелер балдарын окута албай жинди болушту го.
Кыргызга убал жок деген сөз чын айтылган экен.
Эми ошончо болду окуучу баланы да мектептен айдагыла башка мектепке. Окуучу деле периште эмес да
+13
baisogur
2022-01-26 15:29:21
Tyttty1990,Биздин окучулук кезде укаска сынгыча урса деле туруп берчубуз азыркылар не бала мамина снок болуп кеткенби эжеке агайларга Рахмат дегилн
+9
Gulina00
2022-01-26 15:37:01
Урушса билимдуу болот,жакшы оку туз жур дегенден башка эч нерсе айтпайт мугалим.Иштен кетип бекер кылыптыр.
+6
med1983
2022-01-26 15:51:48
Мугалимди баалабаган мамлекеттин келечеги будомук.Териштирип окуучуга да чара коруш керек эле.
+7
Monsterbek
2022-01-26 15:59:32
Мугалим - бул тарбиячы! А тарбиячы тарбиялайт, шоктонсон тарбиялайт, ката кылсан туздойт! Ата эне 4 баланы эптей албай нервтенип кетишет а мугалимдин колунда канча деген бала бар! Азыр жок дегенде 25 окуучу бар, ар бир окуучунун ар кандай кыялы болот. Жеке мен мугалимден аябай коп таяк жедим себеби уурулук кылдым, башкаларды шылдындадым ошого жараша сабачу мугалимдер! Уурулук кылган окуучуну уруп койсон жумуштан алса демек уурулук кылган окуучуга жаза бербей эле сыйлык бериш керек экен да!
+6
Belek1710
2022-01-26 16:40:40
Уят эле окуучу кантип окуйт экен мектепте' мугалимин кетирип жиберип.
+6
alym21
2022-01-26 16:45:53
Окуучуну айдаш керек болчу чолчондотпой,башка окуучуларга сабак болмок.Мугалим жондон жон ачууланбаса керек.Озу бут куноо мына бизде ата энелерде,балабызга мугалимди сыйлаганды уйротпой,бир нерсе болсо мектепке жулунуп барабыз балабызга болушуп.Азыр мугалимге каяша суйлоп,тен ата болуп урушкан балдарыбыз чонойгондо озубузго орондобойт деген кепилдик барбы?
+5
Sanjura
2022-01-26 16:45:59
Бетиңе сенин .......!өмүр бою стукач болуп өтөсүң
+6
Aselya_9105
2022-01-26 17:42:33
Азыркы окуучуларды чалчаңдатып жаман көндүрүп жатышат кийинки ата-энелер. Өзүңөрдүн, биздин убакта чын эле укаска сынгыча таяк жеп, муштум менен чокуга жеп эле мектепти сонун бүткөнбүз. Үйгө арызданып келчү болсоң, ырас болуптур, өзүң күнөөлүү болсоң керек деп кайра апалардан чокуга жечүбүз. Же жалганбы? За то көөп кетпей, эртеси кечээки жеген таягың кайталанбаш үчүн окуп, тентектигиң экинчи кайталанбай калчу. В конце то концов, окуучу өлүп калбаптырбы, ичегиси чубалып?
+4
Aselya_9105
2022-01-26 17:48:46
Чындыгында бир окуучунун тентектиги үчүн мугалимди ишинен кетирүү туура эмес деп ойлойм. Ал деле окуучуларга жамандык каалабайт, окусун дейт, жөн эле нервин коротуп сайрай бербейт да, азыркы окуучулардын оюнун баары талаада, телефондо - пабж, тик ток ж.б. Чуть что анан тартып на всю публику жарыялаш керек да.

Просто жиниң келет.
+4
rahat73.
2022-01-26 19:30:33
Баласы үйдө тартиптүү тышта акмак болуп атпайбы анан менин балам жакшы дейбиз.Мугалимге кол көтөргөн балдар бар аларга эмнеге чара көрүп колонияга жибербейт.Качан болсо мугалим күнөөлү болуш керек ошол балага да чара көрсүн.Мугалим жөн кетпейт трудовойу бузулуп
+2
Asmat84
2022-01-26 21:53:48
Тартип деген каерде болбосун тартиптей болуш керек да. Агай эжекелер балдарды каттуу кармап окутпаса бала окубайт да. Биздин баштан өттү го, кайсы мугалим строгий болсо ошонун сабагын биринчи аткараар элек.
0
Zynk
2022-01-26 22:34:29
Азыркылар жумуртка!жаштар балдарынарга жакшы тарбия бергиле !адеп ахлакты уйроткуло!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан