Буга чейин социалдык тармактарда Нарындын жайлоосунда өзгөчө көпүрө тартылган видео тарап, ага көпчүлүк суктанган эле. Анда аталган көпүрөнү жергиликтүү тургун Эржан Төлөбек уулу бир айдан ашык убакытта курганы айтылган.
Төлөбек уулунун айтымында, бул ишти жайлоого жергиликтүү тургундарды, туристтерди тартуу максатында ишке ашырган.
"Бул көпүрөнү Кара-Үңкүр капчыгайынын ылдый жагына салганбыз. Суунун жээгинде дарактар жок болчу. Ал эми таштар көп. Ошондуктан көпүрөнү таш менен курдук. Ага цемент, таш керектелип, бир айдын ичинде бүттү. Курулуш иштерине атам, эки иним жардам берип жатты. Муну жайлоого жергиликтүү тургундарды, туристтерди тартуу максатында жасадым. Азырынча толук бүтө элек, жасала турган дагы иштер бар",- дейт ал.
Айта кетсек, Эржан Төлөбек уулу Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылында 1995-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал Бишкектеги Семён Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайында тери иштетүү жаатында билим алган. Андан кийин Нарын мамлекеттик университетинин көркөм өнөр бөлүмүндө билим алууну улантып, 2021-жылы аяктаган. Ал өнөрканасында булгаарыдан түрдүү буюмдарды жасап, ишкерлик менен алектенет.