Түркияда катуу бороон-чапкын жана калың кардын жаашы күтүлгөн шашылыш эскертүүдөн улам Стамбул-Бишкек багытындагы бир катар каттамдар жылдырылды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Стамбулдагы башкы консулдугунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда авиакомпаниялар жүргүнчүлөрдүн кайрылуусу боюнча тамактанууну жана убактылуу жайгашууну уюштурууда.
Расмий маалыматка ылайык, аба ырайы калыбына келгенде каттамдар жандандырылып, жүргүнчүлөр учак билеттер менен камсыз кылынат.
Башкы консулдуктун кызматкерлери Стамбул эл аралык аэропортундагы Кыргыз жарандарына колдон келген жардамдарын көрсөтүп, авиакомпания тарабынан тамак уюштурулушун жана аба каттамдардын кайра жанданышы тууралуу билдирүүлөрдү өз убагында маалымат берилүүсүн көзөмөлгө алууда.
Өзгөчө кырдаал учурунда мекендештерибиз төмөнкү телефон номери менен байланышса болот: +90-535-107-72-12