Бишкектеги кичи автобустар кагышкан жол кырсыгында жаракат алгандардын абалы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн, 26-январда Бишкектин Элебесов-Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 18 адам жабыркаган. Арасында балдар жок. Кырсык болгон жерде Бишкек шаарындагы "Тез жардам" кызматынын 6 бригадасы иш алып барды. 17 жабырлануучу Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, 1 жабырлануучу Улуттук госпиталга жеткирилди. Эки жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды, абалдары оор. Ар кандай жаракаттарды алган төрт жабырлануучу хирургия жана нейротравма бөлүмдөрүнө жаткырылды. 11 бейтапка алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
Эскерте кетсек, бүгүн, 26-январда болжол менен саат 12:30да Бишкек шаарынын Элебесов менен Арал көчөлөрүнүн кесилишинен №130 менен №193 кичи автобустар сүзүшкөн.