Бельгиялык фотограф Алан Шрёдердин Өзгөн шаарында тарткан сүрөтү "Travel Photographer of the Year-2021" эл аралык туристтик сынагында жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу сынактын расмий баракчасында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, калыстар тобу дүйнө жүзүндөгү 100дөн ашык өлкөдөн түшкөн миңдеген сүрөттөрдү карап чыгышкан.
Фотограф Алан Шрёдердин эмгегинде Өзгөн шаарында улуттук аламан улак оюну тартылган.
Аламан улак - көк бөрүнүн бир түрү. Улуттук оюндардын бул түрү көпчүлүк учурда өлкөнүн түштүгүндө ойнолот.
Travel Photographer of the Year - туристтик сүрөттөрдүн эл аралык сынагы. Жыл сайын аталган сынакка 100дөн ашык өлкөдөн 10 миңдеген сүрөттөр келип түшөт. Салттуу түрдө сынак Лондондо сүрөт көргөзмөсү менен аяктайт.