Өлкө боюнча былтыркы жылы 156 миң бала биринчи класска барышты. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында билдирди.
"Жергиликтүү бийлик бир жылда эки жолу бизге канча бала мектепке барып жана барбай жатканы тууралуу маалымат берип турушат. Бул рейддердин жүрүшүндө аныкталат.
Акыркы жылы 2 жарым миңдей бала (алардын көпчүлүгү азыркы учурда мектепке бара башташты) мектепке барбай калган. Анын себептери: оору, жумуш (иштегенге мажбур болгон балдар), аз камсыз болгон үй-бүлөлөр.
Жергиликтүү бийлик рейддин жүрүшүндө мектепке барбай калган балдарга көмөк көрсөтүшөт", - деп билдирди Жусупбекова.
Ошондой эле быйылкы жылы 1-класска бара турган балдардын саны электрондук каттоо башталганга 1 апта калганга чейин тактала турганы айтылды.
Белгилей кетсек, электрондук каттоо 11-апрелде башталып, 24-июнда аяктайт. Ал эми каттоодон өткөн соң документтерди 1-августтан 15-сентябрга чейин кабыл алынган мектептерге тапшыруу зарыл.